Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Ош

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджети 10 млн сомго кыскарып, көмүр алууга каражат жок калды

Turmush -  Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүндө социалдык объектилердин коммуналдык чыгымдарын, кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө каражат жетишсиз. Буга байланыштуу бала бакчага бөлүнгөн каражатты пайдаланууга аргасыз болушту.

Айыл өкмөттүн 2018-жылдагы бюджети 7 млн сомду гана түзгөн, деп билдирди айыл өкмөттүн башчысы Эдилбек Инашов аймактык кабарчыга. Анын айтымында, муну менен бюджет дээрлик 10 млн сомго кыскарган.

«Биздин айыл өкмөттүн бюджети буга чейин 17 млн сомду түзүп келген. Айыл өкмөттө көмүр кени, алтын изилдөөчү компания бар эле. Көмүр кенинин аймагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнө карагандыктан, ал компания салыкты Мырза-Аке айыл өкмөтүнө төлөй баштады. Ал эми алтын изилдөөчү компаниядан жылына 4 млн сом түшүп турчу.

Быйылкы жылы биздин бюджет 11 млн сом болуп бекитилген. Анын ичинен алтын изилдөөчү компаниядан 4 млн сом салык түшкөн жок. Азыр айыл өкмөттүн бюджети 7 млн сомду гана түзөт. Ал эми биздин коргонуу беренесине кирген чыгымдар 8 млн сомдон ашкан эле. Коргонуу беренесине айыл өкмөттүн балансындагы социалдык объектилердин коммуналдык чыгымдары, кызматкерлердин эмгек акысы да кирет. Учурда коргонуу беренесинде каражат жоктугунан өткөн жылы бала бакчага деп бөлүнгөн 3 млн сомдон калган каражатты пайдаланып жатабыз. Мен Финансы министрлигине бюджетти теңдештирүү боюнча бир нече ирет кат жазгам, бирок эч кандай жыйынтык жок. Эми кышкысын социалдык объектилерди жылытуу үчүн көмүр алууга дагы каражат жок», - деди Э.Инашов.

Өткөн жылы алтын изилдөөчү компаниядан сот аркылуу 7 млн сом өндүрүлгөн. Анын 3 млн сому Салам-Алик айылына бала бакча курууга бөлүнгөн. Ал эми 4 млн сомго 4 айылга трансформатор, 3 айылга 100 электр мамычалары алынган эле. Бала бакчанын курулушу өткөн жылы башталып, каражаттын аздыгынан токтоп турат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 862
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×