Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусу, Ош 03.07.2018 09:42

Ошто сууну булгаган 10 адамга 7,5 миң сомдон айып салынды

Turmush -  Ош шаарында суулардын жээгинде унааларын, килем-паластарды жууган 10 адамга 7,5 миң сомдон айып пул салынды. Мамлекеттик экотехинспекциясынын Ош шаары боюнча башкы инспектору Асан Мамыраимовдун айтымында, шаарда суу коргоо тилкелерин караган 2 гана эколог бар.

«Биздин кызматкерлер жайкы сууга түшүү мезгилдеринде жыл сайын шаар тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Эки гана эколог болгондуктан жетише албай жатышат. Биз атайын Ош шаардык мэриясына, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына, жолдор башкармалыгына, аймактык кеңештердин төрагаларына "Сууга түшүүгө болбойт, тыюу салынган" деген белгилерди коюуну суранып кат жолдогонбуз.

Быйылкы жылы жалпы 10 адамга сууну булгаганы үчүн 7,5 миң сомдон айып пул салынды. Учурда түшүндүрүү иштери уланууда», - деди ал.

Жайдын аптаптуу мезгилинде Ак-Буура суусунун жээгине эс алууга баргандардын айрымдары сууга түшкөндөн кийин унааларын да кошо жуушат. Айрымдарына айып пул салынганы менен көпчүлүгү качып кетүүгө жетишет.

Ак-Бууранын жээгиндеги көрүнүш

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×