Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ош облусу, Ош 03.07.2018 12:22 Жаңыланды: 05.07.2018 15:26 На русском

Ошко мэр болушу мүмкүн делген 5 талапкердин ысымы: Министрдин орун басары, аким...

Turmush -  Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалганы 3-июлда маалым болду. Буга чейин А.Кадырбаев мэрликтен кете турганы айтылып жаткан эле.

Ал эми мэр дагы 13 күндөн кийин шайланат. Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда саат 09:00дөн баштап 12:00гө чейин өткөрүлө турганын жарыялады.

Turmush басылмасына булактар аркылуу белгилүү болгон маалыматтарга караганда, Ош шаарынын мэри кызматына талапкерлер да атала баштады. Азырынча 5 адамдын ысымы айтылып жатат.

Алар:

- Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов (КСДП);

- Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов;

- Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков («Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбековдун бир тууганы);

- Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов (КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун бир тууганы);

- Анарбаев Гуламжан Сатвалдыевич (Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун мурунку төрагасы, убактылуу бош).

Мэрди шайлай турган шаардык кеңеште 6 фракция, 45 депутат бар. 2016-жылы өткөн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы:

- КСДП (16 мандат);

- «Кыргызстан» (9 мандат);

- «Мекеним Кыргызстан» (6 мандат);

- «Республика — Ата Журт» (5 мандат);

- «Бир-Бол» (5 мандат);

-«Өнүгүү Прогресс» (4 мандат).

Сиздин пикирди төмөндөгү сурамжылоо аркылуу билдирсеңиз болот.

Эскертүү: Ош шаарынын мэри кызматына талапкерлерге карата Turmush сайтындагы сурамжылоо так жана ачык-айкын жүргүзүлөт. Ар кандай жол менен ашыкча жыйналган добуштар жалпы добуштан алынат. Тактап айканда, бир IP-даректен 1 гана жолу добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×