Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Ош

Кыргыз-Ата улуттук паркындагы чыр: Жеке кызыкчылыкты бийик койгондор менен иштеше албайбыз, - жетекчи

Turmush -  Ноокаттагы Кыргыз-Ата улуттук паркы өнүгүү жолунда иш жүргүзүп жатат, ал эми Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн сыны негизсиз. Бул тууралуу Кыргыз-Ата улуттук паркынын жетекчиси Мамадали Дүйшеев билдирди.

Буга чейин Кыргыз-Ата улуттук паркында имараттар, боз үйлөр, ажатканалар жана мал союучу жайлар мыйзамсыз курулганы аныкталганын айыл өкмөт башчысы Бакытбек Марипов билдирген эле.

Бул парк Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигине баш ийген мамлеттик корук болуп эсептелет. Ал эми Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө административдик жактан баш ийбейт.

«Мен бул жаратылыш паркына 2016-жылдын 5-январында жетекчи болуп келгем. Ага чейин Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштегем. Мага чейин Б.Мариповдун атасы бул кызматта иштеп келген экен. Мен паркка жетекчи болуп паркты оңдоюн деген таза ниет менен, ак ой менен келгем.

Мага чейин парктын өздүк эсебине жылына 800 миң сом каражат түшчү экен. Мен келгенден кийин бул каражат 1 млн 367 миң сомго жетип, башкача айтканда бир жылда өздүк каражаттын өсүшү 567 миң сом болду. Ижара акы, жайыт акы толук өндүрүлүп, дебитордук карыздар да жоюлган. Эң башкысы парктын кеңсеси курулуп пайдаланууга берилди, иштеген кызматкерлерге заманбап шарт түзүлдү жана ар бир адис компьютер менен камсыз болду. Ал эми кеңсенин Т.Зулпуев айыл аймагында курулушуна Ноокат шаарында кеңсе куруу үчүн жердин жоктугу себеп болгон.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жетекчисинин имаратты биздин айыл аймакка курбайсыңар деген сөзү негизсиз. Биз эч бир айыл өкмөттүн карамагына кирбейбиз, иштеген кызматкерлерге ыңгайлуу шарт болгону маанилүү. Ал эми ижарачыларга, эс алуучу жайларга берилген жер аянттары мен бул кызматка келгенге чейин эле жобого ылайык сынак өткөрүлүп, келишимдин негизинде берилген экен. Туура, алардын арасында жобонун шартын толук сактабаган ижарачылар бар. Муну биз өзүбүз да аныктап, келишимди бир тараптуу бузуу шартын койгону жатканбыз. Өкмөт тарабынан бекитилүүчү жаңы жобонун чыгышын күтүп жаткан элек. Ал жобо 2018-жылдын 10-апрелинде гана чыгып, май айында күчүнө кирди. Бүгүнкү күндө ушул жобого ылайык келишимдер кайра каралып жатат.

Ал эми жайыт пайдалануучуларга токой билетин жазып берүү менен чектелебиз. Жайыт акысы айылдык кеңештер бекиткен көлөмгө жараша гана алынат. Түшкөн каражат толугу менен мамлекеттик бюджетке которулуп, биздин эсепте калбайт.

Парктагы эс алуучу жайларды иштетүүгө берилген келишимдер Мамлекеттик каттоо кызматынын райондогу бөлүмүнөн каттоодон өткөндө гана мыйзамдуу болуп саналат. Каттоодон баш тарткан учурда келишим жокко чыгарылат. Ал эми ижара акы Монополияга каршы күрөшүүчү мамлекеттик кызмат менен макулдашылат.

Ижарачыларга санитардык тазалыкты сактоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, парк тарабынан 10 даана контейнер, ижарачылардын ар бири тарабынан да 4-5 контейнерлер орнотулган. Таштандыларды ташып кетүү үчүн Ноокат шаардык "Тазалык" ишканасы менен келишим түзүлүп, учурда иштешип жатабыз. Ал эми чириген дарактар тазалоо максатында отун катары агенттиктин жобосу менен ижарачыларга, жайыт пайдалануучуларга берилет. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуулар жок. Күзөтканадан парктын аймагына киргендерден Монополияга каршы кызматтын буйругу менен бекитилген тариф менен акы алынат. Күзөтканада видеокамера жана кассалык аппарат да орнотулган.

Биздин парктагы кемчиликти жоюу үчүн көмөктөшүп иштешүүгө даярбыз. Бирок жеке кызыкчылыкты бийик койгон инсандар менен иштеше албайбыз», - деди Мамадали Дүйшеев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 635
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×