Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусу 04.07.2018 15:49

КМШда 50, Кыргызстанда 20 экстремисттик уюмга тыюу салынган

Turmush -  Кыргызстандын аймагында экстремисттик 20 уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын бөлүм башчысы Эрлан Бакиев Ош шаарындагы аймактык кеңештердин тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

«Биз экстремизм, терроризмди алдын алуу максатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. КМШ өлкөлөрү боюнча 50 экстремисттик уюмдарга тыюу салынса, биздин өлкөдө 20 уюмга тыюу салынган. Учурда радикалдуу маселелер кооптуулук жаратат. Анткени айрым топтор, туура эмес ишеним менен идеологияларды алып, үйрөнүп жатышат. Бул боюнча да биздин кызматкерлер тыкыр иш жүргүзүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×