Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Ош 04.07.2018 18:31 На русском

Жанар Акаев: Азыр Ош шаарына мэр болуу планымда жок

Turmush -  Айрым маалымат булактар депутат Жанар Акаев Ош шаарынын мэрлигине талапкер болушу мүмкүн деп жазып чыгышты. Бул тууралуу Жанар Акаевдин да пикирин уктук.

«Ош шаарынын мэрине талапкерлер тууралуу маалыматтарды интернеттен окудум. Албетте, мындай жоопкерчиликтүү кызматка баруу ниетим бар экенин жашырбайм, бирок жакынкы убакытта эмес. Мен Ош шаарынын мэри кызматына талапкерлигимди эч кимге сунуштаган жокмун, андай кадамга баруу планымда жок.

Жакынкы максатым — эл ишенген жаңы команда чогултуу жана 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышуу», - деди депутат.

----------------------------------------------------------------

Turmush басылмасына булактар аркылуу белгилүү болгон маалыматтарга караганда, Ош шаарынын мэри кызматына талапкерлер да атала баштады. Азырынча 5 адамдын ысымы айтылып жатат.

Алар:

- Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов (КСДП);

- Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов;

- Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков («Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбековдун бир тууганы);

- Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов (КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун бир тууганы);

- Анарбаев Гуламжан Сатвалдыевич (Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун мурунку төрагасы, убактылуу бош).

Ош шаарынын мурунку мэри Айтмамат Кадырбаев Өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалганы кечээ, 3-июлда маалым болгон. Буга чейин А.Кадырбаев мэрликтен кете турганы айтылып жаткан эле.

А.Кадырбаев Ош шаарынын мэри болуп 2014-жылдын 15-январында шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шайланган. Добуш берүүнүн жыйынтыгында шаардык кеңештеги 45 депутаттын ичинен 25 эл өкүлү анын талапкерлигин колдогон болчу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×