Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ош облусуАлай району 05.07.2018 14:40

Алайлык өнөрпоздор Бишкектеги театр фестивалында 2 наамга жана 10 миң сом сыйлыкка татышты

Turmush -  Бишкек шаарында өткөн X театр фестивалында Алай районунан катышкан топ «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» спектаклин коюп, «Сынчылардын арзуусу» наамына ээ болушту. Бул тууралуу Т.Ажыбаев атындагы Алай музыкалык театрынын көркөм жетекчиси Чыныбек Козукеев билдирди.

Анын айтымында, театр фестиваль СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун 110 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын эл артисти, КРнын баатыры Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгы жана Искендер Рыскуловдун чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган. Ага өлкө боюнча 15 театрдын чыграмачыл жамааты катышты.

«Алай, Жалал-Абад облусунун Барпы театры, Оштун Бабур театрлары «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» спектакли менен бардык. Жалпы 15 театр катышты. Фестиваль жогорку деңгээлде өткөрүлүп, Алай райондук музыкалык театры «Сынчылардын арзуусу» номинациясына жана 5 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болдук. Ал эми чыгармадагы Мылгундун образын мыкты деңгээлде аткарганы үчүн актерубуз Азиз Омаровго Асанбек Кыдырназаров атындагы сыйлык, «Эң мыкты эпизоддук роль» номинациясы жана 5000 сом акчалай сыйлык ыйгарылды», - деди Ч.Козукеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×