Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусу 05.07.2018 17:08 Жаңыланды: 05.07.2018 17:46 На русском

Петербургдагы метродо 16 адамдын өмүрүн алган жардыруу: Шектүүлөрдүн лидери Кыргызстандан 5 жыл мурун кеткен

Turmush -  Россиянын тергөө комитети Санкт-Петербург шаарында метродогу жардыруу боюнча жаңы фигуранттарга айып такканын Интерфакс басылмасы тергөөчүнүн Москва шаардык сотуна жасаган билдирүүсүнө шилтеме берүү менен жазып чыкты. Тергөөчүнүн айтымында, жардырууну уюштурган террористтик уюм «Катиба Таухид валь-Джихад» деп аталат.

Бул иш боюнча жалпы 11 адам айыпталып жатат. Алардын арасында жардырууну уюштургандар, буйрутма бергендер, аны аткаргандар жана көмөктөшкөндөр бар.

Би-би-синин Россиядагы кызматынын маалыматына караганда, буга шектелип жаткан «Катиба Таухид валь-Джихад» уюму 2014-жылы Сириянын аймагында пайда болгон. Анын лидери кыргызстандык Абу Салах (улуту боюнча уйгур) экени маалым болгон. Анын чыныгы ысымы Сирожиддин Мухтаров болушу мүмкүн. Ал Оштогу Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында төрөлгөн.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал 2013-жылы Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен.

«Биздеги маалыматтар боюнча Сирожиддин 1991-жылы туулган. Кыргызстандын аймагынан 2013-жылы чыгып кетип, согуш болуп жаткан Сирияда түрк тилдүү жарандардын амири катары «Абу Салах» аты менен таанымал болгон. Кыргызстанда жүргөндө мечиттерде жума намазда ар кандай террордук, экстремисттик чакырыктарды жасаганына тургундар нааразы болуп арызданышкан. Буга байланыштуу укук коргоо органдарынын көзөмөлүнө алынган. Ошондон кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.

Ал Кара-Сууда «Ахмадия» уюмунун мүчөсүнүн атып өлтүрүлүшүнө да буйрук бергени айтылган болчу», - деди Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

Санкт-Петербургдагы метродо 2017-жылдын 3-апрелинде жардыруу болуп, 16 адам көз жумуп, 100дөн ашык адам жаракат алган. Жанкечти метронун вагонунда бомба жардырган болчу. Тергөөчүлөр алгач жардыргыч адамдын түбү Кыргызстандан болгон Россиянын жараны Акбаржон Жалилов экенин айтышкан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×