Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусуНоокат району 06.07.2018 09:00 На русском

Катта-Талдыктагы жол оңдолуп, эл каттаган 40 чакырым 17 чакырымга кыскарды

Turmush -  Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Катта-Талдык айылында адырга баруучу 1 км 200 метр жол оңдолду. Айыл башчы Мухаммед Юсуф Сабировдун айтымында, бул үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн.

«Жолду оңдоо иштери 23-июнда башталып, он күнгө созулду. Айыл өкмөттүн бюджетинен 150 миң сом акча бөлүнүп, техникалар да айыл элинен алынды. Таш ыргытуу сыяктуу адам күчүн талап кылган иштерге айылдын жашоочулары ашарга чыгышты», - деди Ю.Сабиров.

Буга чейин айыл эли 2 гектар кайрак, адыр жерге Көк-Жар айыл өкмөтү аркылуу 40 чакырым жол менен каттап келишкен. Жолдун оңдолушу менен бул аралык 17 чакырым болуп калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×