Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 06.07.2018 08:24 На русском

Кара-Сууда 3 унаа кагышып, кырсыкка себеп болгон «Тойотанын» айдоочусу качып кетти

Turmush -  Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында 3 унаанын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктан 2 адам жабыркады. Окуя 4-июлга караган түнү саат 02:55 чамасында болгонун Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Алишер Навои көчөсүндө чыгыштан батышка карай бара жаткан «Тойота Виндом» унаасы «Хонда Жазз» менен кагышып, андан кийин «Мерседес-Бенц 300» унаасын сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен жабыркаган «Хонданын» айдоочусу жана жүргүнчүсү Ош облустук ооруканасына жеткирилип, кырсыкка себеп болгон «Тойотанын» айдоочусу из жашырган.

Азырынча «Тойотанын» айдоочусунун өздүгү аныктала элек. Ал эми «Хонданы» Ош шаарынын 1978-жылы туулган тургуну Э.С., «Мерседести» Кызыл-Байрак айылынын 1969-жылы туулган тургуну Р.А. башкарып бара жаткан.

Учурда бул факты боюнча Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×