Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Ошто жанаша жайгашкан 2 үй өрттөндү (фото)

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 25 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 30 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 6-июлда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Туран кичи районунун Прибрежная көчөсүндө №30 жана №32 даректе жайгашкан турак үйлөрдөн кечээ, 5-июлда саат 17:45 чамасында өрт чыккан. Адамдар жабыркаган жок.

ӨКМдин ыкчам тобу, 4 өрт өчүрүүчү бөлүм, ошондой эле РИИБден 5 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 бригада жана РЭТтен 1 бригада аталган дарекке жөнөтүлгөн. Өрт саат 18:29да чектөөгө алынып, саат 19:45те толук өчүрүлдү.

Анын кесепетинен 410 чарчы метр чатыр күйгөн. Учурда материалдык чыгым жана өрттүн себеби такталып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 469
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×