Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу 06.07.2018 13:05 Жаңыланды: 06.07.2018 14:11 На русском

29 жаштагы Ж.Сулайманкулов «ЭлТРдин» башкы директорунун орун басары болду (резюме)

Turmush -  ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп Сулайманкулов Жумамидин Канатбекович дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 5-июлда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

29 жаштагы Ж.Сулайманкулов буга чейин телеканалдарда кабарчы, жооптуу редактор жана алып баруучу болуп эмгектенген. Акыркы убакта өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы болду.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси бүгүн, 6-июлда жамаатка тааныштырылат.

Ал эми мурунку орун басар Нурлан Адаев өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Ж.Сулайманкулов 2013-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде журналист адистигине артыкчылык диплому менен ээ болгон.

Иш тажрыйбасы:

- 2008-2009-жылдары ОшМУнун студенттик «Нур» гезитинде жана «Үмүт» телестудиясында кабарчы жана алып баруучу;

- 2010-жылы «ОшТВ» каналында кабарчы жана алып баруучу;

- 2010-2013-жылдары «ЭлТР» КТРКсынын жаңылыктар бөлүмүндө стажер;

- 2013-2014-жылдары эл аралык «Мекендештер» теледолбоорунун жооптуу редактору;

- 2014-2015-жылдары жаңылыктар бөлүмүнүн кабарчысы жана алып баруучусу;

- 2016-жылдын январынан ушул күнгө чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×