Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуНоокат району 06.07.2018 15:03

Ноокатта 2 жаштагы бала арыктагы сууда ойноп жатып каза болду

Turmush -  Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылында 2 жаштагы баланын арыктагы оюну анын өлүмү менен аяктады. Жергиликтүү тургундардын айтымында, маркум наристе 3-июль күнү үйүнүн жанында аккан арыкка башын салып ойноп жатып, суу көп келгенде тумчугуп калган.

Анын оюнун ата-энеси менен туугандары байкаган эмес. Баланын денеси ошол эле күнү жерге берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×