Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусу 06.07.2018 16:03

Күндөшүнө алданганын айткан эне эгиз кыздарына алимент алуудан өзү баш тарткан, - сот аткаруучулар

Turmush -  Ноокат шаарынын 40 жаштагы тургуну Дилафруз Хошимова эгиз кыздары менен жаман абалдагы үйдө жашап жатканын, жолдошунан жардам болбогонун АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында айтып чыккан. Ал маалымат жыйында Ноокаттагы сот аткаруучулар алимент өндүрүп бербей жатканын да айткан эле.

Бирок анын маалыматын Ноокат райондук сот аткаруучулар бөлүмү четке кагып, 2017-жылы Дилафруз Хошимова алимент өндүрүүнү токтотуу арызы менен кайрылганын билдиришти. Сот аткаруучулар көрсөткөн арызда: «Менин пайдама эки баламдын тарбиясы үчүн алимент өндүрүү жөнүндөгү документти аткаруусуз кайтарып берүүңүздү суранам. Себеби кыздарды өзүм багып, тарбиялайм», - деп жазылган.

Письмо Д.Хошимово

Сот аткаруучулар арыздануучунун маалымат жыйында айтканын толугу менен четке кагууда.

Дилафруз Хошимова маалымат жыйында жана ал кыздары менен жашап жаткан үй

З.Хошимованын айтымында, 2007-жылы Заип аттуу адам менен таанышып, эгиз кыздуу болушкан.

«Ал аялы төрөбөй турганын айткан болчу. Андан кийин анын аялы да келип, бала төрөп берүүмдү суранды. Күндөшүм "бейишке чыгышым керек, күйөөмө экинчи аял болуп, бала төрөп бер" деди. 2008-жылы эгиз кыздарды төрөдүм. Бирок бардык ызы-чуу ошол мезгилде башталды. Алимент төлөө боюнча аны сотко берсем, Ноокаттагы сот аткаруучулар да карабай жатат. Мени күйөөмдүн туугандары "кыздарыңды өзүң кара" деп бычак менен коркутушту. Көп жерге кайрылып, көбү ортого түштү. "Сен кембагалсың, эч нерсе колуңдан келбейт" деп келекелешти.

Учурда жашап жаткан үйүмдүн абалы начар. Мен өзүм үчүн эмес, кыйналган аялдардын, ташталган балдардын атынан айтам. Эмне үчүн бизге окшогондорго көңүл бурулбайт?», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×