Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу 09.07.2018 08:28 На русском

Оштон Екатеринбургга учуп бараткан учакта 22 жаштагы келин көз жарды

Turmush -  7-июлда саат 15:00 чамасында «Ош» эл аралык аэропортунан Россиянын Екатеринбург шаарына учуп бара жаткан учакта кош бойлуу келин көз жарды. Бул маалыматты аталган аэропорттон тастыкташты.

Маалыматка караганда, төрөттү борттун коштоочулары жана учактын жүргүнчүлөрү кабыл алышкан. Бул окуяга байланыштуу учак кайра Ошко кайтууга мажбур болгон. Учак конгондон кийин эне-баланы тез жардам кызматы Ош шаардык периниталдык борборуна жеткиришкен.

Ош шаардык периниталдык борбордун жетекчиси Зейнеп Исраилованын айтымында, көз жарган келин шаардын 22 жаштагы тургуну болгон.

«Учактан төрөгөн келинди тез жардам аркылуу биздин борборго алып келишти. Аталган келин Ош шаарынын 22 жаштагы тургуну экен. Келин экинчи жолу көз жарган. Ал уул бала төрөдү. Ымыркайдын салмагы 2 кг 600 гр, бою 47 сантиметрди түзөт. Ал боюнда бар учурда Россиянын Екатеринбург шаарында жашагандыктан катоого да аталган аймакка турган экен. Ал жакында эле Ошко туугандарына учурашканы келип, кайра кетип жаткан. Эң негизгиси эне-бала ооруканага өз убагында алынып келинген. Эгерде бир аз кечигүү болсо, келин көп кан жоготуп, өмүрүнө коркунуч жаралмак. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Ал эми келин биринчи төрөтүндө да уул төрөгөн экен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×