Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ош облусу, Ош 09.07.2018 13:15 На русском

Адам сатууну токтотууга багытталган масштабдуу маалыматтык кампания иштеп баштады (видео)

Turmush -  «ISEDA» коомдук фонду адамдарды сатууну токтотууга багытталган масштабдуу маалыматтык кампаниянын башталганын жарыялады. Ошондой эле кулчулукка кабылып жаткан жарандардын өз укугун билүүсүнө көмөк көрсөтүүчү иш-чаралар жүргүзүлө турганы бүгүн, 9-июлда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында айтылды.

Жарандардын кулчулукка кабылуу коркунучун азайтуу максатын көздөгөн фонддун координатору Айнура Мамажунус кызынын айтымында, «Кулчулукка каршыбыз!» аталышында масштабдуу маалыматтык кампания 1 ай бою улантылат.

«ISEDA» фонду Ош шаары менен биргеликте иш алып барууда. Биздин биринчи ишибиз жарандарга кулчулукка кабылуунун зыяндары боюнча маалымат берүү болуп саналат. Андан кийин көчөдө «Биз бирге кулчулукка каршыбыз!» жана башка аталыштардагы стрит-арт иш-чараларын уюштурабыз. Ал иш-чараларда да биздин юристтер жарандарга кулчулуктун зыяны жана өз укуктары боюнча маалымат беришет. Ага улай жөө жүрүштөр жана флешмоб уюштурулат», - деди ал.

Ал эми миграция боюнча эл аралык уюмдун Оштогу өкүлү Алмаз Атамбиев долбоор канча жылдан бери иштеп жатканы боюнча маалымат берди.

«Бул долбоор 2015-жылдан бери ишке ашырылып келе жатат. Долбоордун алкагында ЮСАИДдин каржылоосу жана «ISEDA» коомдук фонду менен биргеликте жыл сайын биз ушундай иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Ошондуктан быйылкы жылы «ISEDA» коомдук фонду, миграциялык уюм жана Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте адам сатууга каршы иш-чараларды баштадык. Бүгүнкү күндө кулчулукка кабылуу — Кыргызстан үчүн эң негизги көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Анткени Кыргызстандын жарандары жумуш үчүн көптөгөн мамлекеттерге кетип жатышат. Иш-чаралардын алкагында элге кулчулукка кабылбоого чакырык жасап, укуктары боюнча кеңеш беребиз. Эл аралык миграциялык уюмдун маалыматы боюнча, 2002-жылдан 2016-жылга чейин бизден 2133 адам жардам алган. Аларга медициналык, психикалык, финансылык жана юридикалык жардам берилген», - деди ал.

Аталган коомдук фонддун юристи Айзада Асылбек кызы жарандарды социалдык тармактарда активдүү болууга чакырды.

«ЮСАИДдин «Адам укугу жана кадыр-баркы» долбоорунун алкагында эл аралык миграциялык уюмдун колдоосу астында «ISEDA» коомдук фонду ар кандай иш-чарларды уюштуруп келет. Жарандарыбыздын көпчүлүгү чет өлкөгө чыгууда кайсы жакка кайрылууну билбейт экен. Бизде жарандар үчүн 24 саат бою акысыз кеңеш алууга мүмкүнчүлүк бар. Эгер жарандар социалдык желелерди колдонушса, «Коопсуз миграция» деген тиркемеге катталып, биз менен чогуу жаңы маалыматтарды билип алышса болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×