Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Ош

Өзгөндө эки мамлекеттин кикбоксчуларынын мелдеши өттү (фото)

Turmush -  Өзгөн шаарында кикбоксинг боюнча спорттук клубдар ортосунда мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Өзгөн шаарынын жаштар жана спорт боюнча башкы адис Сабырбек Калбердиев билдирди.

Анын айтымында, мелдеште өзбекстандык спортчулар да күч сынашты. Спорттук иш-чараны Өзгөн шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Рахманжан Атаджанов, шаардык балдарды дене тарбияга жана спортко даярдоо мектебинин жетекчиси Кеңеш Бакеев ачып, спортчуларга ийгилик каалашты.

«Мелдешке жалпы 60тан ашуун спортчулар катышып, Өзбекстан мамлекетинен 30, Кыргызстандан 30 спортчу күч сынашты. 1-2-3-орунду камсыздаган спортчуларга белектер, медалдар тапшырылды. Эми бокс боюнча достук беттештерин өткөрүү пландалууда», - деди С.Калбердиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 543
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×