Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ош облусуАраван району 09.07.2018 16:25 На русском

Наймандагы жашоочулардын талабы: Мектепке акчалуулардын эмес, эмгеги сиңген адамдын аты ыйгарылсын (видео)

Turmush -  Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы Найман айылынын айрым тургундары маалымат жыйынга чогулуп, В.И.Ленин атындагы мектепке Кабыл Асановдун ысымы ыйгарылбай жатканына нааразычылык билдиришти.

Жашоочулардын айтымында, кыйынчылык мезгилде мектепти ашар жолу менен курдургандардын сап башында турган К.Асановдун ысымы мектепке тез арада ыйгарылышы керек. Алар Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, бир нече кызматтарда иштеген адамдын аты мектепке ыйгарылбай жатканына нааразы.

«Кыргызстанда саясий вандализм болуп жатат. Согуштун катышуучусу, кан кечип келген адамдын атын мектепке койбой, балдарынын акчасы жоктугун айтышууда. Балдары да туура, түз жүргөн адамдар. Акчага сатылбаш керек. Бир айылдын эли мектепке ысым берүүдө экиге бөлүнүп жатабыз», - деди айыл тургуну Каарбек Мурзаев.

Ал эми Кабыл Асановдун уулу Мамытжан Кабылов эл атасынын ысымын мектепке ыйгарууга аракет кылганы менен тоскоолдуктар болуп жатканын айтат.

«Кыргыз өкмөтүнүн ысым ыйгаруу комиссиясына кайрылганбыз. Кайрылууга Найман айылындагы 748 адам кол койгон. Атам Улуу Ата Мекендик согушка катышып, майып болгон, согуштун жана эмгектин ардагери. Ал өз айылына кызмат кылып, эл арасында "раис" (эл башкарган адам) атка конгон. Төө-Моюндун тарыхы — Кабыл Асановдун тарыхы. 2003-жылы Төө-Моюн айылдык кеңешинин депутаттары В.И.Ленин атындагы мектепке Кабыл Асановдун ысымын ыйгаруу боюнча токтом чыгарган. Мектеп жамааты да бир добуштан чечим кабыл алышкан. Жылдар өтүп, атабыздын аты мектепке берилбей келет. Жаңы мектеп курулаары менен Кабыл Асановдун ысымы ыйгарылат дешкен болчу. 2015-жылы жаңы мектеп ачылды. Андан кийин кокусунан эле башка адамдын ысымы ыйгарыла турганын айтып калышты. Ал кишинин баласы учурда Жогорку Кеңештин аппаратындагы жетекчилердин бири. Ал эс алууга жолдомо берип, мектепке атасынын атын ыйгартууга абдан аракет кылып жатат», - дейт М.Кабылов.

Маалымат жыйынга катышкан тургундар мектепке анын курулушуна алгачкылардан болуп салым кошкон адамдын аты берилиши зарыл деп эсептешет.

«Айылдарга жана мектептерге эмгеги сиңген адамдардын ысымы ыйгарылып келет. Биз дагы Найман айылындагы Ленин атындагы мектепке Кабыл Асановдун ысымын ыйгарууну талап кылып келдик. Анткени Кабыл Асанов мектептин тарыхына байланыштуу инсан», - деди айыл аксакалдарынын бири Маматисак Калматов.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×