Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 13.07.2018 08:10 На русском

«Жеңеке»: Ырчы жигитке турмушка чыккан З.Элебесованын келиндик доордогу жашоосу (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Балыкчы шаарынын 31 жаштагы тургуну Зарина Элебесова. Ал жолдошу менен кафеде иштеп жүргөндө таанышканын аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, болочоктогу жолдошу менен 2 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшкөндөн кийин ага турмушка чыккан.

«Алгач Мелис кесиптеши экөө биздин кафеге музыкант болуп иштөө үчүн келип, бирок мен жумушка албай коюптурмун. Бул окуя менин эсимде жок. Жолдошум "ошол кезде бой көтөргөн кыз болчусуң" деп айтып калат. Андан кийин кафенин ээси аркылуу жумушка кирип, музыкант болуп иштеп калды. Экөөбүз 2008-жылы таанышып, 2 жыл сүйлөшүп жүрүп, 2010-жылы ноябрь айында баш коштук», - деди ал.

Ырчы жигитке турмушка чыккан жекеңе келиндик доордогу кызыктуу окуяларды айтып берди.

«Жаңы келин болуп келгенде кайын атамдын эжесиникине конокко барып калдык. Эт тартылып, коноктордун кичүүсү катары жолдошума койдун башын беришти. Эркектер устукандарды көбүнчө жубайына берип коюшат эмеспи, жолдошум да устуканын мага берип койду. Салт боюнча койдун башы конок тоскон үйдө калат экен. Мен болсо аны билбей эле үйгө салып кеткем. Андан кийин үйдөгүлөр конок тоскондор койдун башын таппай калганын айтып, абдан күлүшкөн эле.

Жолдошум Балыкчы шаарына таанымал ырчы, аткаруучу. Ал Э.Думанаев атындагы маданият үйүнүн кызматкери. Анын жумушун жеңилдетүүгө жардам берип, уюштуруу иштерин аткарам. Ырларын радиого, телеге, эфирлерге чыгаруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзөм. Учурда мультфильмдеги персонаждар боюнча кийимдерди тиктирип, рол аткаруучу топ түзүп, жаңы жыл сыяктуу майрамдык кечелерде, жентек, сүннөт тойлордо кичинекей балдарга жагымдуу маанай тартуулап келем. Кайненем да чыгармачыл адам болгондуктан оюн-сценкаларга сценарий жазып берет», - деди ал.

Зарина жеңе жолдошу экөө 1 уул жана 2 кызды тарбиялап жатышат. Уулу Баяман 6 жашта болсо, улуу кызы Назима 4 жашта, кичүү кызы Арууке 3 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×