Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Ош

Ошто биринчи жолу өткөрүлгөн кол күрөш боюнча мелдештин жыйынтыгы чыгарылды

Turmush -  7-июль күнү Ош шаарында биринчи жолу өткөрүлгөн кол күрөш боюнча мелдештин жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Ош облусунун Жаштар иштери дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка караганда, бул мелдеш Ош облусунун Жаштар иштери дене тарбия жана спортбашкармалыгы жана Кол күрөш федрациясы тарабынан уюштурулду. Дипломдор, медалдар жана калыстар жана медицина кызматкерлеринин тамак-ашы облустук башкармалык тарабынан даярдалса, акчалай сыйлыктар Кол күрөш федерациясы тарабынан ыйгарылды. Мелдешке Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарынын спортчулары катышты.

Жыйынтык:

60 кг чейинки салмакта:

1-орун — Аскат уулу Өткүр:

2-орун — Ушбеков Улан;

3-орун — Апитаев Афтандил.

75 кг чейинки салмакта:

1-орун — Тиленбулатов Абубакир;

2-орун — Ормонбаев Кали;

3-орун — Асылбек уулу Алмаз.

90 кг салмакта:

1-орун — Тойчиев Жоомарт;

2-орун — Ормонбаев Кали;

3-орун — Матмурзаев Мунарбек.

90 кг жогору салмакта:

1-орун — Бобулов Абдыгапар;

2-орун — Тойчиев Жоомарт;

3-орун — Асылбек уулу Алмаз.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 534
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×