Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусу, Ош 10.07.2018 08:10

Оштогу №1 троллейбустун каттамы убактылуу токтотулат

Turmush -  Бүгүн, 10-июлдан 31-августка чейин Ош шаарында №1 троллейбустун каттамы убактылуу токтотулуп, анын ордуна автобустар каттайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, каттам газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат. 10-июлдан 31-августка чейин И.Раззаков көчөсүнүн жер астындагы газ түтүктөрүн жаңылоо иштери жүргүзүлөт.
Ош шаарында троллейбустук 2 каттам бар. Мэрия шаардын тургундарын жана меймандарын убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×