Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ош облусу, Ош 10.07.2018 13:16 Жаңыланды: 10.07.2018 13:29

Ошто 1,3 млн сомдук коомдук алдын алуу борбору ачылды

Turmush -  Бүгүн, 10-июль күнү Ош шаарындагы Амир Тимур аймактык кеңешинде 1 млн 300 миң сомдук коомдук алдын алуу борбору ачылды. Иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Ош ШИИБдин башчысы М.Боронов, Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты, деп билдирди кабарчы.

С.Өмүрзаков имараттын ачылышы аймактык кеңеш үчүн жакшы жышаан экенин белгилеген.

«Буга чейин да Амир Тимур аймактык кеңешинин калкы биз менен тыгыз иштешип келген. Кылмыштарды алдын алууда, кылмыштын бетин ачууда калктын салымы чоң. Бүгүн коомдук алдын алуу борбору ачылып отурат. Бул жакшы жышаан болду», - деди С.Өмүрзаков.

«Эл аралык толеранттуулук үчүн» фондунун Оштогу филиалынын башчысы Эркин Кочкаровдун айтымында, «Saferworld» жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонду тарабынан коомдук алдын алуу борборун курууга 1 млн сомго жакын акча каражаты бөлүнгөн. Ошондой эле аймактык кеңештин эли 200 миң сом акча каражатын чогултуп беришсе, Ош шаардык мэриясынан 300 миң сом бөлүндү.

«Бул коомдук алдын алуу борборунун курамында аксакалдар соту, аялдар комитети, жаштар комитети, кварталдык комитеттер болот. Булардын максаты — милиция кызматкерлери менен биргеликте кызматташып, кылмыштуулукту алдын алуу болуп саналат.

Буга чейин бул аймактык кеңеште комдук алдын алуу борборунун эч кандай шарттары болгон эмес. Булар көчөлөрдө, жер-жерлерде, шарты жок жерде өз иштерин аткарып келишкен. Эми ушундай шарты бар борбор курулуп калганы абдан жакшы болду», - деди Э.Кочкаров.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, Амир-Тимур аймактык кеңешинде расмий 52 миң калк жашайт. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча 60 миң адам бар. Бүгүн ачылышы болгон коомдук алдын алуу борбору эми 60 миң жашоочуга кызмат кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×