Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусуБаткен району 10.07.2018 14:03 Жаңыланды: 15.07.2018 13:12 На русском

Тарых барактары: Баткенде Кудаяр хан салдырган чеп 2 кылымга жакын убакыттан бери сакталуу (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кан айылындагы Кудаяр хан чеби деп аталган коргон 200 жылга жакын убакыттан бери сакталып турат.

Кан айылынын тургуну Арзымат Ормоновдун айтымында, чептин баштапкы бийиктиги 5 метрге чейин болушу мүмкүн.

«Тарыхый булактарда чептин бийиктиги 3,5 метр болгон деп айтылат. Менимче 5 метрге чейин же андан да узун болушу мүмкүн. Себеби 4 метр болгон жерлери да бар. Чептин азыркы узундугу 200-300 метрге, туурасы 1 метрге жетет. Ал жөнөкөй кум-шагылдан, ылайдан жасалган эмес. Өзгөчө топурактан салынып, бүгүнкүгө чейин сакталуу. Убагында жергиликтүүлөр бузуп алып, жер семирткич катары пайдаланышкан. 1999-жылы сакалчандар Баткенге бастырып келгенде деле биздин аскерлер бул чепти колдонушкан. Азыр эми корукка алынып, каралат. Мен ушул жерде жашап, чепти күн сайын көз алдымдан өткөрөм», - деди Ормонов.

Табышмактуу чеп 18-кылымдын аягы 19-кылымдын орто ченинде Кудаяр хандын бийлигинин учурунда салынгандыгы айтылат. Тарых барактарында анын курулушуна миңдеген адамдар иштегени жазылган.

«Кудаяр хан чеби – тоолуу, кууш капчыгайда, дарыяны бойлой дөңсөө жерде атайын тегиздеп салынган чеп. Бул чептен төмөндү көзөмөлдөп турууга ыңгайлуу болгон экен. Чептин негизги – жогорку бөлүгү 4,9 гектар аянтты ээлейт. Ал эми экинчи коргон 1 гектар аянтты тегеректеп тургузулган. Чеп пакса менен урулуп, бурчтарында, көрүнөө жерлеринде цилиндр формасындагы жайлар, кызмат бөлмөлөрү курулган. Эки коргондун бири-бирине өтмө жолу да туташ салынган. Дубалдын 1-1,5 метр бийиктигинде мылтык учу баткандай көзөнөктөр жайгашкан. Бул чептин атайын коргонуу үчүн курулгандыгын ал курулуштун өзгөчөлүгү жана жайгашкан орду далилдеп турат. Анткени тоо арасындагы албууттанган дарыяны бойлой кеткен жалгыз аяк жол бир топ татаал жана кооптуу болгондугуна карабастан, Сохтон Кара-Тегинге карай жападан жалгыз гана жол болгон. Бул жол Ооганстан, Иран, Пакистанга чейин жетип, андан ары Индияга чейин барган. Анын курулушуна миңдеген адамдар катышкан. Бул албетте ошол учурдагы хандын буйругу болгон. Чептин курулушу душмандардан коргонуунун жолу болгон. Кийин союз учурунда колдонулбай калды», - дейт тарыхчы Абдинаби Кадыров.

Мындан сырткары чептин ичинен жерди оюп жасаган тандырлар жана бышкан кирпичтен курулган үйлөр кездешет.

Элдик уламыш: Баткендеги Кудаяр хандын чебин курууда адамдарды тирүүлөй көмүшкөн (фото)

Элдик уламыш: Сыры азыркыга чейин ачыла элек Кан чебинин баяны (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×