Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баткен

Кадамжайдагы чек арачылар бөтөн паспорт менен жүргөн чет өлкөлүк адамды кармашты

Turmush -  Кадамжайдагы чек арачылар мамлекеттик чек арадан бөтөн паспорт аркылуу өтүүгө аракет кылган адамды кармады.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, ал Өзбекстандын 1973-жылы туулган жараны Г.С. экени аныкталган. Кармалган адам Кыргызстан аркылуу Фергана шаарынан Сох районуна багыт алган. «Кадамжай-автожол» өткөрүү пунктунан чек ара көзөмөлүнөн өтүү учурунда 1954-жылы туулган М.О. аттуу жаранга тиешелүү паспортту көрсөткөн. Чек арачылар документтин ээсинин келбети менен паспорттогу сүрөттүн дал келбегенин байкап, сурамжылоонун алкагында кармалган адам үйүнө баруу үчүн бөтөн паспортту колдонгонун мойнуна алган.

Документтер толтурулгандан кийин чек ара мыйзамын бузган адам тиешелүү органдын кызматкерлерине берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 576
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×