Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 10.07.2018 15:18

Жаш талант: 15 жаштагы Айбек ийрим ачып, окуучуларга бийден сабак берүүдө (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Өзгөрүш айылынын 15 жаштагы тургуну Айбек Олжобай уулу 3 жылдан бери бийлеп жана окуучуларга бийден сабак берип, көптөгөн кароо-сынактарга катышып келет. Аны менен аймактык кабарчы кызыктуу маек курду.

Жаш бийчинин айтымында, бийге кичинекей кезинен эле кызыгып, бийлей баштаган.

«Мен 7 жашымда Индиянын тасмаларын көп көрүп, каармандарды туурап, өз алдымча бийлей баштадым. 12 жашымда "Жаш талант" деген топту замандаштарым менен чогуу ачып, 2 жылдан бери сынактарга катышып, ардак грамоталар менен сыйланып келебиз. Ошондой эле биз 3 жыл мурун бий ийримин ачып, 9 жаштан 12 жашка чейинки окуучу кыздар менен балдарга бий үйрөтүп келүүдөбүз. Бийдин кыймылдарын интернеттен, клиптерден үйрөнөбүз», - деди ал.

Жаш талант мындан тышкары ыр жазып, ырдоо боюнча сынактардан алдыңкы орундарды алып келет.

«Кичинекей кезимден эле ырдоого кызыгам. Музыка сабагынан берген Чынара эжейден туура ырдоону үйрөнүп, ал эми Сайрагүл эжеден аккордеон, ямаха, комуз черткенди үйрөнүп жатам. Ырдоо боюнча райондук, облустук сынактардан 1-орунга ээ болуп келсем, 2016-жылы республикалык сынактан 3-орунга татыгам. Учурда мектепте жана чоң иш-чаралардын ачылышында бийлеп жана ырдайм.

Мындан тышкары 12 жашымдан бери ар түрдүү темадагы ырларды жазып, сынактарга катышуудамын. Манас тууралуу ыр жазып, манасчылардын колунан диплом алгам. Келечекте дүйнөгө таанылган белгилүү ырчы болгум келет», - деди ал.

Айбек Олжобай уулу үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү. Ал айылдагы Султанбек Райымбеков атындагы орто мектебинин 8-классын аяктады.

Келди Нооруз

Келди нооруз Ала-Тоого нурун чачып,
Элиң сени күтүп алат кулач жайып.
Күн мурунтан бир өзүңдүн көрүп камын,
Өндүрүшкөн буудайдын аппак данын.

Уйкудан ойгонушуп таң азанда,
Тилек айтып таш салышып казанга.
Сүмөлөгүн кайнатышат апалар,
Ырыскы бер, ыйман бер деп жаштарга.

Аталарым чечип жылуу тондорун,
Үшүбөстөн, үйлөшпөстөн колдорун.
От четинде кеп салышып отурат,
Ар кимиси басып өткөн жолдорун.

Сен келгенде ээрип тоонун карлары,
Безеленип булбул торгой сайрады.
Малы төлдөп, ойноп козу-улагы,
Үйгө батпайт уйлардын сүт айраны

Куттуу болсун келген Нооруз майрамы.
Антына бек калыс болсун хан дагы,
Тынчтык орноп, бакыт конуп, кут конуп,
Кыргыз элдин түшпөсүн эч байрагы.

Өзгөрүш айылым

Айылым чакан кыштак аты Өзгөрүш,
Ата-бабам коюптур өзгөрсүн деп.
Чоноюп мен он бешке чыксам дагы,
Турасын бир ордунда өзгөрбөй эч.
Көбөйтүп сала албадык үйлөр жаңы,
Көгөртүп сая албадык кайың талды.
Жаштарың шаарларга кетип жатып,
Азайгансып баратат элдин саны.
Абаң таза агып жаткан сууң мүрөк,
Айылым дейт мендеги соккон жүрөк.
Ааламды бүт кыдырып чыксам дагы,
Таба албаймын бир өзүңдөй жылуу түнөк.
Кулжалуу төр, Чолок төрдөй жерлериң бар,
Көргөн да көрбөгөн да арман кылаар.
Чоңдугу Чатыр-Көлгө жетпесе да,
Ашуунун ар жагында Көк көлүң бар.
Шаңшыса аскасында боз улары,
Жайытта мекиренет эчки улагы.
Экөөнөн мен каламбы деп өңдөнүп,
Шылдырап үн чыгарат тоо булагы.
Токоюн араласаң жайдын күнү,
Угулат түркүн куштун мукам үнү.
Термелет бешигиндей наристенин,
Жыт аңкып, бажырайган кызыл гүлү.
Чоңойдум мен өзүңдөн ойноп жүрүп,
Кээде ысып, суугуңа кээде үшүп.
Негедир ойлогондо жүрөк зырп дейт,
Өзүңдөн кетээримди окуум бүтүп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×