Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ош облусуНоокат району 10.07.2018 16:52 Жаңыланды: 10.07.2018 17:27

Айыл турмушу: Ноокаттык «Жими» өкмөт сатып берген фотоаппаратка тарткан ак-кара сүрөттөрү менен таанымал болгон

Turmush -  Фотоаппараты менен көпчүлүккө 1990-жылдары кызмат кылган сүрөтчүлөр учурдагы кесиптештерин теңине алышпайт. Ал учурда көпчүлүк жумушту азыркыдай техника аткарчу эмес, саналуу жабдыкты колдонуу менен көп эмгек жумшачубуз, дешет сүрөтчүлөр.

Багелеги жер чийген шымдар, өзгөчө чач жасалга, сүрөткө какайып же телефон кармап түшкөн аталардын, агалардын ак кара түстөгү сүрөттөрү көпчүлүк үйлөрдө сакталуу. Ал сүрөттөрдү кандай эрежелер жана кыйынчылыктар менен тартканын сүрөтчү Зулпидин Мансуров айтып берди. Достору Индия тасмасындагы каарманга анын келбетин, чач жасалгасын жана кырдуу шымын окшоштуруп, «Жими» деп атап алышкан.

«Ал кезде Ноокат районунун айылдардагы жашоочулары атайын райондун борборуна барып сүрөткө түшүп келчү. Ал эми Кара-Таш айылындагылар 1987-жылдан тарта айылда өзүм курган эки бөлмөлүү сүрөтканага келе башташкан», - деди сүрөтчү.

53 жаштагы сүрөтчү учурда автоунааларды алып-сатуу менен алектенет. Ал Ош шаарындагы техникумда сүрөтчүлөрдү даярдаган орто окуу жайдан билим алган.

«Ал убакта ишке кирүү абдан кыйын эле. Фотоаппарат алганга өзүбүздүн кудуретибиз жетпегендиктен өкмөт сатып берген. “Киев 6.6” деген фотоаппарат 2400 сом турчу. Бир сүрөттү 35 тыйындан сатып, ал эми ишканаларды, мектептерди бекер сүрөткө тартканбыз. Ал эми айылдагы досторумдун той, туулган күндөрүндө бекер эле кызмат кылчумун.

Бир ирет мугалимди сүрөткө тартып жатканда пленканы тетири салыптырмын. Сүрөттөрдү чыгарганда карасам мугалим оң колуна кармаган калем сап сол колуна өтүп калыптыр. Аны мугалим байкабай, “калемди сол кол менен кармаган экенмин” деп кала берген.

Ал эми 1-класстын окуучулары менен иштөө кыйын эле. Аларды түздөп, фотоаппаратты жапкан кара кездемеге киргенде коркуп ыйлап жиберишет. Аларды алдап, мурдуларын аарчып, 5-6 кадр менен араң тартчу элем. Сүрөткө тартуунун да өзүнүн эрежелери бар. Мен сүрөткө тарткан адамдын кирпигин карап, түздөп тартчумун. Көзү жумулуп калса албай коюшчу. Учурда мен дагы той-мааракелердеги сүрөттөрүм жакпай калса албай коём. Сүрөткө тарткан балага кемчиликтерин көрсөтүп, өзүм билген тажрыйбамды айтып турам», - деди сүрөтчү.

Учурда сүрөтчүнүн үйүндө 5-6 фотоппараты бар. Анын өнөрүнө балдарынан эч ким кызыккан эмес.

«2000-жылдары сүрөтканам өрттөнүп кетти. Андан кийин өзүм авария болуп, бул кесипти таштоого туура келди. Кызыгуум да жоголуп кетти. Фотаппараттарымды көргөндө жаштыгым эске түшөт», - деп кошумчалады.

Зулпидин Мансуров сүрөтчүлүк жаштыкты, курчтукту, креативдүүлүктү талап кылган кесип экенин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×