Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусу 11.07.2018 11:23

Ош облусунун жетекчиси ким болушу мүмкүн? (болжолдуу талапкерлердин ысымы)

Turmush -  Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэрлигине талапкер катары көрсөтүлдү. Эми анын ордуна келиши мүмкүн делген адамдардын ысымы атала баштады.

Алар:

- Давранбек Маматалиев — Ноокат районунун акими;

- Тилек Матраимов — Кара-Суу районунун акими;

- Байыш Юсупов — Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары.

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда саат 09:00дөн баштап 12:00гө чейин өткөрүлө турганын жарыялаган болчу.

Ал эми 9-июлда Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция чогулуп, Ош шаарынын мэри кызматына Таалайбек Сарыбашовдун талапкерлигин бир добуштан колдошкон. Жыйын жабык өтүп, ага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов да катышканын шаардык кеңештен тастыкташкан эле.

Көпчүлүк коалицияны КСДП, «Мекеним Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары түзөт.

----------------------------------------------------------------------------------

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалганы 3-июлда маалым болду. Буга чейин А.Кадырбаев мэрликтен кете турганы айтылып жаткан эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×