Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баракелде

Судьялар «Ата Мекендин» чечимин тоготпойт: АКИпресс Ленин райондук сотунун өкүмүнө арызданат

Turmush -  АКИpress маалымат агенттиги Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун Булатова Елена Вячеславовнанын кадыр-баркына доо кетирилгени тууралуу акыркы өкүмү менен макул эмес. Буга байланыштуу агенттик апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылат.

Райондук соттун судья К.К.Исаева төрайымдык кылган отурумундагы чечиминде: «Е.Булатованын доо арызы жарым жартылай канааттандырылып, анын пайдасына моралдык чыгым үчүн 20 миң сом өндүрүлсүн. Ага байланышкан маалыматтар интернет сайттан өчүрүлсүн», - деп айтылат.

Ал эми Е.Булатовага байланыштуу «А.Бакиев жана «Бишкек кийим тигүү фабрикасынын» жетекчилиги жерлерди рейдерлик жол менен тартып алышкандыгы маалым болду» деген аталыштагы маалымат Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын 2011-жылдын 28-сентябрындагы жыйынында айтылган маалыматтардын негизинде ошол күнү жазылган болчу. Анда «ВЛКСМ атындагы Бишкек кийим тигүү фабрикасына» байланышкан маселе каралып, «Блокстрой» ААКсынын директору Эмил Тавалдиев маалымат берген.

АКИpress агенттигинин башкы директору Алина Сагинбаеванын айтымында, бул маселе боюнча агенттиктин 2017-жылдын 16-ноябрдагы кайрылуусуна Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да жооп берген. Анда фракция «ВЛКСМ атындагы Бишкек кийим тигүү фабрикасына» байланышкан маселе боюнча 2011-жылдын 28-сентябрында чечим кабыл алганы айтылат.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын чечиминде: «ВЛКСМ атындагы Бишкек кийим тигүү фабрикасынын» акциясын жана ага тиешелүү жерди рейдерлик жол менен басып алууга байланыштуу баяндамачынын, арыз ээлеринин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн маалыматы угулду. Анын жыйынтыгында "Ата Мекен" фракциясы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына "ВЛКСМ атындагы Бишкек кийим тигүү фабрикасынын" айланасындагы чырды көзөмөлгө алууну сунуш кылат», - деп айтылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 760
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×