Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Чүй облусу 11.07.2018 20:00

60 жылдык маараке: Чиллер сыйлыгынын ээси К.Сыдыкованын чыгармачылыктагы өмүрү (фото)

Turmush -  Чиллер сыйлыгынын ээси, калыӊ элден колдоо тапкан жазуучу, журналист, коомдук ишмер, маданияттын мыкты кызматкери Кален Сыдыкова 60 жылдыгын белгиледи. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, анын 60 жылдык кечесине көрүнүктүү инсандар, бийлик өкүлдөрү, маданият кызматкерлери жана журналисттер коому катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Кален Сыдыкованын «Алтын калем» сыйлыгы менен учурдагы чыгаан журналисттер сыйланышты.

Кален Сыдыкова Жумгал районундагы Чаек айылында 1958-жылы 25-январда туулган. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

- 1983-1991-жылдары Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиянын тарыхы институтунун башкы редакциясында редактор, илимий, улук редактор;

- 1991-1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясында башкы редактор;

- 1994-1995-жылдары «Чар тарап» эл аралык гезитинин башкы редактору;

- 1996-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын президенттик администрациясында сектор башчы, президенттин иш башкармалыгында бөлүм башчы, иш башкаруучунун кеңешчиси болуп иштеген;

- 2006-жылдан Кыргыз Республикасынын китеп палатасынын директорунун орун басары болуп иштеген.

Кален Сыдыкованын бир топ чыгармалары чет тилдерине которулгандыгына байланыштуу ысымы көптөгөн өлкөлөргө да белгилүү. Айрым чыгармалары түрк, өзбек, казак жана башка тилдерге которулган. Ал 30 жылдык чыгармачылык ишинде 7 жүздөн ашык макалалардын автору болгон. Анын «Кайрылуу», «Түпкүрдөгү монстр», «Доор кайрыгы», «Насыя нике», «Эр издөө», «Асылдар», «Күч күйөө», «Кыргыз тарыхы», «Алтын казык», «Чачылган кыргыздар», «Токол», «Ата журтум ардагым», «Аттила баатыр», «Шумерлер жана кыргыздар», «Кыргыздар жана индеецтер» аттуу китептери бар.

Кален Сыдыкова 1991-жылдан КР Улуттук жазуучулар союзунун жана 1988-жылдан тарта Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү болгон. Ал «КРдин маданиятынын эмгек сиӊирген ишмери», Кыргызстан журналисттер союзунун лауреаты, «Кыргыз Республикасына 10 жыл» эстелик белгисин, Маданият министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери», «Кыргыз тил» төш белгисин, КРдин ардак грамотасын, «Данк» медалын, «КРдин Билим берүүнүн отличниги» төш белгисин алган, «Манас» коомдук академиясынын академиги жана Дүйнөдөгү даңктуу аялдар клубунун Чиллер сыйлыгынын ээси болгон.

К.Сыдыкованын 1 кыз, 1 уул 4 небереси бар.

К.Сыдыкованын чыгармачылыгы тууралуу 1994-жылы «Публицист Кален», 2006-жылы «Кален», 2008-жылы «Ата журтум ардагым» аттуу даректүү фильмдер тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×