Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 11.07.2018 16:02

Жайылда дарыяга кулаган унаадагы 26 жаштагы жигит изделүүдө

Turmush -  Жайыл районунда жол-транспорт кырсыгы учурунда жоголгон 26 жаштагы жигит табыла элек. Бир күндөн бери аталган райондун куткаруучулары милиция кызматкерлери менен биргеликте Кара-Балта дарыясында издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Күбөлөр — «Хонда Фит» автоунаасынын жүргүнчүлөрү жол кырсыгынан кийин А.у.С.ны суудан жоголгонун көрүшкөн.

Өздүк булактардын маалыматына караганда, 10-июлда Бишкек—Ош унаа жолунун 110-чакырымында айдоочу рулду башкара албай, анын кесепетинен унаа дарыяга кулаган. Автоунаада 4 адам болгон. Анын үчөө унаанын ичинен чыгып, бирөөсү жоголуп кеткен.

Учурда Кара-Балта дарыясында төртүнчү жүргүнчүнү издөө иштери уланууда. Куткаруучулар Сосновка айылынан Кара-Балта шаарына чейинки аралыктагы аймакта иштеп жатышат. Бүгүнкү күндө алар дарыянын терең жерлерин, суунун жээгин карап, болжол менен 20 км аралыкты басып өтүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×