Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде 11.07.2018 16:09

12-июлда абанын температурасы +38 градуска жетет

Turmush -  Эртең, 12-июлда түнкүсүн өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө

түнкүсүн +19... +24
күндүз +30... +35

Талас өрөөнүндө

түнкүсүн +13... +18
күндүз +29... +34

Ош жана Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +19... +24
күндүз +33... +38

Баткен облусунда

түнкүсүн +20... +25
күндүз +33... +38

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +12... +17
күндүз +23... +28

Нарын облусунда

түнкүсүн +10... +15
күндүз +24... +29

Бишкек шаарында 12-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +22...+24 градус, күндүз +33...+35 градус болот.

Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +22...+24 градус, күндүз +36...+38 градус болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×