Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Ош

Видео — Ош шаарынын мэрине жалгыз талапкер кыргыз тил сынагынан өттү

Turmush -  Ош шаарынын мэри кызматына сунушталган жалгыз талапкер Таалайбек Сарыбашов мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча сынактын жыйынтыгы менен кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билет деген баа алды. Кабарчынын айтымында, комиссиянын чечиминде ал мамлекеттик тилде сабаттуу жазат, оюн түшүндүрүп, көркөм окуй алат деп айтылды.

Бүгүн, 11-июлда саат 16:00дө башталган сынакта Т.Сарыбашов платформасын кагазга түшүрүп, оозеки айтып берди. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун «Делбирим» чыгармасынан көркөм окуду.

Ал эми комиссияны Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков жетектеген. Комиссиянын курамында ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев, ОГПИнин кыргыз тили бөлүмүнүн башчысы, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тил комиссиясынын жетекчилери жана ОшМУнун мугалими Капар Зулпукаров, Улукбек Омокеев болду.

Шаар мэрлигине шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция тарабынан жалгыз Таалайбек Сарыбашов сунушталган. Ал талапкер катары 16-июлга чейин расмий катталат. Ал эми мэрди шайлоо 18-июлда өтөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6773
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×