Фото, видео — Кыргызча сүйлөп, манты жасаган америкалык Тила
Turmush - Американын Луизиана штатынан келген 25 жаштагы Холли Тила Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында балдарга англис тилин үйрөтүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Холли Тиланын айтымында, ал Кыргызстанга ыктыярчы болуп 2 жыл мурун келген. 2016-жылы биринчи Талас облусуна барган. Бул убакыттын ичинде ал кыргыз тилин өздөштүрүп, боорсок жасап, ашкабактан манты түйгөндү үйрөнгөн. Ал Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында болуп, учурда улуттук каада-салт, үрп-адаттар менен таанышып жатат.
Мындан тышкары, ал «Ала-Тоо» деген ырды дагы жаттап алган. Кээде кыргыз досторунун тойлоруна барып, кыргызча ырдап, бийлеп дагы берет.
Тилланын ата-энеси 60 жашка чыгып, учурда эс алууда. Ал учурда өзүнүн сиңдисине кыргыз тилин үйрөтүп, Кыргызстандын кооздугу тууралуу ар дайым айтып берет.
«Кыргыздар каада-салтты аздектеген калк экен. Мен жакында кайрадан өз өлкөмө кетип жатам. Кыргызстанды абдан сагынам. АКШга барганда жакындарыма ашкабак менен манты жасап, плов басып, боорсок бышырып берем», - дейт ал.