Бала тили — бал: Идиш жууйм, кээде чарчап жуубай коём - 6 жаштагы Инайя (видео, фото)
Turmush - Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Ак-Талаа районунун Баетов айылында жашаган 6 жаштагы Инайя Максатбекова.
Инайянын апасы Самара Садыгалиева кийим оңдоочу болуп иштесе, атасы Максатбек Жукешов райондук архитектурада эмгектенет.
«Инайя — араб тилинен кыргыз тилине которгондо камкордук же камкорчу дегенди түшүндүрөт. Кызыбыздын ысымын атасы өзү койгон. Эң кенже кызыбыз», - деди апасы С.Садыгалиев.
- Инайя атаңдын аты ким жана каякта иштейт?
- Папамдын аты Максат. Ал үй салып иштейт.
- Апаңдын атычы, ал кайда иштейт?
- Самара. Кийим тиккич болуп иштейт.
- Сен канча жашка чыктың?
- Алты.
- Чоңойгондо ким болгуң келет?
- Чач жасагыч.
- Ырчылардан кимди жакшы көрөсүң?
- Мына минтипти (Съездбек Искеналиевдин ыры).
- Бала бакчага барасыңбы же мектепке барасыңбы?
- Садикке.
- Атыңды ким койду эле Инайя деп?
- Атам.
- Атаңды жакшы көрөсүңбү же апаңды жакшы көрөсүңбү?
- Атам экөөнү.
- Үйдө бош кезде эмне кыласың?
- Жомок айтып берем. Мамама.
- Эмне деген жомокторду айтып бересиң?
- Колобокту, анан неме айтып берем эки чычкан жалкоо болгон жомокту айтып берем.
- Сени апаң эмне деп эркелетет?
- Жаным, каражаным деп эркелетет.
- Атаңчы?
- Папам деле.
- Бала бакчада кимдер менен доссуң?
- Арууке анан Алин, дагы Сезим.
- Баарынан кимди жакшы көрөсүң?
- Анткени мамамды аябай жакшы көрөм. Мамам деген жатаарда жомок айтып берип турат.
- Апаң сага эмне сатып берет?
- Мамам, неме акчасы жетип калган нерселерди сатып берет.
- Атаң жумуштан кеч барабы?
- Кээде эрте барат, кээде кеч келет.
- Атаң жумуштан кеч барса апаң урушабы?
- Урушпайт.
- Сен үйдөн тентектик кылып койсоң апаң урушабы?
- Ооба. Чымчып эле урушуп коёт.
- Сен эмнелерден коркосуң?
- Жөргөмүш, анан чиркейлерден. Чиркейлер чагат да. Анан аарыдан корком.
- Кандай унаалар жагат. Чоңойгондо кандай унаа айдайсың?
- Машина айдабайм. Машиналарды кайда сатат билбейм да.
- Үйдөн эмне жумуш жасайсың?
- Идиш жууйм, кээде жуубай коём да. Чарчайм. Эжем идиш жуубай койдуң деп урушат.
- Кыргызстандын президенти ким, билесиңби?
- Сооронбай.