Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баткен

Баткендин Боз-Адыр тоолорундагы дары чөптөрдү кимдер казып кетип жатканы белгисиз болууда (фото)

Turmush -  Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүндөгү Боз-Адыр айылынын тоолорундагы дары чөптөр казылып алынууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Айыл тургуну Кубатбек Ниязалиевдин айтымында, алар дары чөптөрдүн казылышына каршы.

«Бул чөптөр малга тоют болуп турган. Азыр ал чөптөрдү казып алышып, кайра чыкпай калды. Анан коробкаларды таштап кетишүүдө. Бул туура эмес. Жайыт жерлер болгондон кийин да ижарага алып жатышат. Аны башка копманияларга бергени туура эмес», - деди Ниязалиев.

Суу-Башы жайыт комитеттеринин башчысы Гламидин Караматовдун айтымында, 50 гектар жер «Баткен» токой чарбасына ижарага берилген.

«Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында чайыр чөптөр кездешет. Ал дары чөптөрдү казып алуу үчүн 50 гектар жерди «Баткен» токой чарбасы ижарага алган. 1 гектарына 500 сомдун тегерегинде акча төлөнөт. Ошондо 27 миң сом акча арендага төлөнөт. Бул 5 жылдан бери улантып, 1 жыл казылып, бир жыл эс алдырышат», - деди Караматов.

Бирок «Баткен» токой чарбасынын башчысы Абдыкалык Кимсанов бул маалыматты четке какты.

«Биз ал жерди ижарага алган эмеспиз. Ал жерди жеке ишканалар алып иштетет», - деди Кимсанов.

Малга тоют болуп келген Боз-Адыр айылындагы Узун-Кол, Сары-Камыш тоолорундагы чөптөрдү кимдер казып алып жаткандыгы аныкталбай турат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
1
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1774
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×