Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 12.07.2018 10:54 На русском

Интернетке тараган видео: Мас абалда жол кырсыкка кабылган айдоочу Кара-Суу РИИБдин башчысы эмес, - ОИИБ

Turmush -  Кечээ, 11-июлда интернетке Кара-Суу РИИБдин башчысы мас абалда жол кырсыкка кабылды аталышындагы видеотасма жарыяланды. Ош ОИИБдин жетекчилиги тарабынан аталган видео иликтенип жатат.

«Видеотасмадагы жаран Башкур Абдыкалыковбу же башка адамбы тактоо иштери жүргүзүлүүдө. ОИИБ расмий түрдө Б.Абдыкалыков 2017-жылдын 5-июнунда Кара-Суу РИИБдин башчылыганан бошотулганын жана аталган кызматта учурда Арабидин Акунбеков иштеп жатканын билдирет», - деп айтылат ОИИБдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, Кара-Суу РИИБдин мурунку башчысы Башкур Абдыкалыковдун жол кырсыкка кабылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн эмес.

«Видеодон жол тандабаста кырсыкка учурагандан кийин уктап калган айдоочуну көрүүгө болот. Аны жергиликтүүлөр видеого тартып алган окшойт. Бирок ал жерде автоунаа гана материалдык чыгымга учурап, адам жабыр тартпаганы даана көрүнүп турат. Кырсыктан кийин өзүн жакшы сезген айдоочу эч жакка кайрылбай, өз жолун улап кеткен болушу мүмкүн. Эгерде ал кырсыктан кийин ооруканага же башка мамлекеттик кызматтарга кайрылганда, бизге билдирүү жасашмак. Ал эми видеодогу айдоочу Кара-Суу РИИБдин мурунку башчысы Башкур Абдыкалыков экендигин тааный алган жокпуз», - деп айтылат маалыматта.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×