Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ысык-Көл

Фото — Ысык-Көлдө чехиялык үй-бүлө бараткан унаа оодарылып кетти

Turmush -  Ысык-Көл облусунда катталган жол кырсыктан Чехиядан келген үй-бүлө жабыр тартты. Бул маалыматты Turmush басылмасына облустук ЖКККдан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык 10-июлда саат 14:00 чамасында Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 91-чакырымында тактап айтканда Бөкөнбаев жана Тоң айылдарынын ортосунда болгон.

Маалым болгондой, Прага шаарынын 1971-жылы туулган тургуну Ш.Юрий «Travel Land» (Бишкек) туристтик компаниясынан «Ниссан Икстерра» (мамлекеттик номуру 01KG 677 АСО) унаасын ижарага алган.

Бул унаада ал жубайы — 1972-жылы туулган Ш.Анна, кызы — 2003-жылы туулган Ш.Жанна менен Каракол шаарына келишкен. Ал жактан чыгып, тескей жээк менен Нарын облусунун Жумгал району багыты көздөй кетип бара жатышкан.

Айдоочу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Жеңил жараат алган үй-бүлө мүчөлөрү Тоң райондук оорукана жеткирилген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2708
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×