Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусу, Ош 12.07.2018 11:06

Оштун жаш футболчулары Кыргызстандын кубогуна арналган мелдеште 2-орунга ээ болушту (фото)

Turmush -  Талас шаарында 13 жаштагы өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын кубогуна арналган мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин башкы машыктыруусу Учкун Абдыжапар уулу билдирди.

Анын айтымында, спорттук мелдешке өлкөнүн 7 облусунан, Бишкек жана Ош шаарынан жалпы 10 команда катышкан. Республикалык мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, жыйынтыгында Бишкек шаарынан барган команда Кыргызстандын кубогун утуп алды.

«Ал эми 2-орунду Ош шаарынын командасы жеңсе, 3-орунга Талас шаарынын командасы ээ болду. Жеңүүчү болгон командага медалдар жана кубок тапшырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×