Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баткен

Баткен районундагы жайлоолордо 4 бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Баткен районунун аймагында 4 жайлоо бала бакчалары ачылды. Бул тууралуу Баткен районунун акиминин орун басары Кишимжан Кыдырова билдирди.

Анын айтымында, алар Самаркандек айыл өкмөтүнүн Андиген жайлоосундагы «Карагат», «Бал ширин», «Аласан» жана райондун эң алыскы жана шарты оор болгон Зардалы айылындагы «Зардалы» жайлоо бала бакчасы. Кечээ 11-июль күнү жайлоо балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардан айыл өкмөт менен бирге кабар алып келишти. Аталган бакчаларда 4 тарбиячы иштеп жатат.

«Райондогу алгачкы жайлоо бала бакчасы 2014-жылы ачылган. Жыл сайын айыл өкмөттүн көмөгү менен көбөйүп бара жатат. Кийинки жылга да башка айыл өкмөттөрү тарабынан ачуу жагы пландалууда», - Кыдырова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 528
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×