Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуНоокат району 12.07.2018 11:39

Найман суу сактагычына чөгүп кеткен 18 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды

Turmush -  Найман суу сактагычына чөгүп кеткен 18 жаштагы жарандын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылдып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-июлда саат 15:30 чамасында Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы Найман суу сактагычына 2000-жылы туулган С. Б. чөгүп кеткен.

«Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ноокат райондук №104 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, КР ӨКМдин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 7 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Издөө иштеринин натыйжасында 12-июлда саат 10:05те 18 жаштагы жигиттин жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×