Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Ош

Достордун өлүм менен коштолгон эс алуусу: Ноокатта 2 күн мурун сууга чөгүп кеткен жигиттин денеси табылды

Turmush -  Ноокат районунун Найман айыл аймагында 2 күн мурун суу сактагычтагы сууга чөгүп кеткен жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен билдирди.

Жашоочулардын айтымында, 10-июль күнү Найман суу сактагычына 3 жигит, тактап айтканда достор сууга түшүү үчүн барышкан. Жигиттердин бири сууда сүзүүнү билсе, экөө сүзгөндү такыр билген эмес. Алар атайын баллондор менен сууга түшүп жатканда баллон оодарылып кетип, 18 жаштагы жигит чөгүп кеткен. Анын денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

«Каза болгон жигит Он-Эки-Бел айыл аймагынын Нарай айылынын тургуну болчу. Ал жаш болсо да трактор менен жер айдап, чөөп чаап, элге пайдасы тийип жаткан. Ал өзү иштеп, каражат тапчу. Маркум үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү болчу. Быйыл 11-классты аяктаган. Анын эжеси да бойго жеткенде каза болуп калган», - дешти тургундар.

ӨКМдин маалыматына караганда, 2000-жылы туулган С.Б.ны издөө иштерине 10 куткаруучу тартылып, бүгүн, 12-июлда саат 10:00 чамасында жансыз денеси табылды.

Найман суу сактагычына 2 дарыянын суусу топтолот. Суу сактагычтын түбү терең болгондуктан ага түшүүгө болбойт. Ал жерге жыл сайын сууга түшкөнү барган балдардын көбү чөгүп кетишет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6088
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×