Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө 9 жаштагы бала бассейнде чөгүп кете жаздады

Turmush -  Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында эс алуу борборлорунун бириндеги бассейнге 9 жаштагы бала чөгүп кете жаздады, аны пансионаттын техникалык кыхматкери куткарып калды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 11-июлда саат 15:00 чамасында пансионаттардын биринде 9 жаштагы бала бассейнге түшүп жаткан. Ал сууга чөгүп баштаганда бассейндин жанынан өтүп жаткан техникалык кызматкер аны байкап калган. Ал дароо бассейнге секирип, баланы алып чыккан.

Бала дароо Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилип, ал кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Анын абалы туруктуу деп бааланууда. Эс алуу учурунда баланын жанында чоң энеси болгон, бирок ал баланын чөгүп жатканын байкабай калган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 453
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×