Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 12.07.2018 14:21

Ак-Талаада жайлоо бала бакчасында кичинекей бөбөктөргө бээнин сүтү берилүүдө (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагындагы Көкөн-Булак жайлоосуна жайлоо бала бакчасы ачылгандыгын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, ачылган бала бакчага кечээ акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, райондук спорт комитетинин өкүлдөрү, балдар билим берүү борборунун кызматкерлери барып, бала бакчада тарбияланып жаткан балдардын абалы менен таанышып, спорттук оюн уюштуруп, атайын мастер-класстарды өтүп келишти.

«Жайлоо бала бакчасы айылдагы «Аруу-Нур» бала бакчасынын башчысы Айгүл Чылымованын чоң аракети менен ишке ашырылып, ал жердеги тарбияланып жаткан балдар үчүн бээ байланып, кичинекей бөбөктөрүбүзгө бээнин сүтү берилүүдө», - деди К.Эсеналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×