Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Нарын

Фото —Кытайдан товар жүктөп Бишкекке келе жаткан унаа өрттөнүп кетти

Turmush -  Кытайдан товар жүктөп, Бишкек шаарына келе жаткан жүк ташуучу унаа толугу менен күйүп кетти.

ӨКМдин маалыматына караганда, жол кырсык Кочкор райочнунун Сүттү-Булак айылынын аймагында катталган.

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда «Рено» (мамлекеттик номуру 05KG 928 AAS) жана «Вольво» (мамлекеттик номуру 05KG 541 AAB) унаалары кагышкан.

Буга чейин Бишкек—Торугарт унаа жолунун 240-чакырымында жол-транспорт кырсыгы катталгандыгын Нарын ОИИБдин ЖКККБнын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирген.

Маалым болгондой, 11-июлда саат 08:00 чамасында «Вольво» жана «Ман» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, жол кырсыгына учураган. Анын кесепетинен «Вольво» автоунаасы күйүп кеткен. Жол кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Алдын ала маалыматтарга караганда, «Вольво» унаасы Кытай Республикасынан Бишкекке товар жүктөп бараткан, ал эми «Ман» унаасы Бишкектен курулуш товарларын жүктөп Нарынга бара жаткан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 880
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×