Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.07.2018 17:04

Ысык-Көлдүн тескей жээгине яхт-клуб куруу пландалууда

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын Пристань аймагында яхт-клуб куруу болжолдонууда. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, Чопон-Ата шаарындагы «Круиз» яхт-клубунун жетекчилиги чет элдик уюмдун программасынын колдоосунда Чолпон-Ата—Бостери—Чолпон-Ата каттамы боюнча яхта жана кемеде көл үстүндө сейилдөө уюштурушкан.

Ушундай яхт-клуб Кызыл-Суу айылында кароосуз калган порттун 1,5 гектарына куруу болжолдонууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×