Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 12.07.2018 19:30

Эшек чуусу: Кара-Суудагы эшек фермасы экологиялык нормаларды сактаган эмес, - Мамэкотехинспекция

Turmush -  Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан эшек фермасы экологиялык нормаларды сактаган эмес. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу районундагы аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Рысбек Юсупов билдирди.

Анын айтымында, бир нече күн мурун эшек фермасы текшерүүгө алынган.

«Ферма экологиялык нормаларды сактаган эмес. Мисалы, эшектерден чыккан калдык чар жайыт төгүлгөн. Экологиялык нормаларды калыбына келтирүү боюнча эскертүү берип, 10 күн мөөнөт бердик. Эгер 10 күндүн ичинде талаптар аткарылбаса, тиешелүү чараларды колдонуп, бул ишти тиешелүү органдарга өткөрүп беребиз», - деди Р.Юсупов.

Буга чейин аталган эшек фермасы өлгөн эшектерди атайын казылган чуңкурга таштарын, анын жыты жакынкы айылга жыттанарын, мындан улам жергиликтүүлөрдүн ден соолугуна зыян келтирилиши мүмкүн экендигин Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров айтып чыккан болчу. Кийинчерээк ферманы Кара-Суу райондук прокуратурасы, ветеринардык инспекциясы текшерип, мыйзам бузулбагандыгын билдиришкен.

Андан кийин Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматынын башчысы Эрмекбай Өмүрбеков айрым интернет булактарына таянып, фермага жакын жайгашкан айылдын тургундарынын арызынын негизинде эшек ферманы текшерип, жаныбарларларга ырайымсыз мамиле кылуу беренесинин негизинде жергиликтүүлөрдүн арызын териштирип жаткандыгын айткан.

Ал эми Кара-Суу райондук прокуратурасынын маалыматы боюнча, аталган эшек ферма жайгашкан жер Кытай жаранына 5 жылга ижарага берилген. Ферма болсо Б.Кожомкуловго катталган. Жердин ижара мөөнөтү 2022-жылы аягына чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×