Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Ош

«Эмаком» — курулуш иштери менен кайрымдуулукту айкалыштырган компания

Turmush -  «Эмаком» курулуш компаниясынын жетекчиси Эмилбек Жусупов көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен бирге кайрымдуулук иштерин да улантып келет.

Аталган компаниянын маалыматына караганда, жетекчи Эмилбек Жусупов жаңы жана сапаттуу үйлөрдү куруу мезгил талабы деп эсептейт. Ал тургундардын суранычы менен Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан жараксыз №351 көп кабаттуу үйдүн ордуна жаңы үй куруу алдында турат. Ошондой эле ал Өзгөн районунун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген тургуну Эрнист Турганбаевдин үйлүү болушуна жардам берген.

«Ош шаарынын жашоочусу Кыздаркан Садыкова бир баласы менен 20 жылдан бери вагондо жашап келет. Ага компаниянын президенти ар кандай жардам көрсөттү. Ленин көчөсүндөгү жараксыз көп кабаттуу үйдүн ордуна 7 кабаттуу турак жай курууну максат кылып, анын курулушун баштоо алдында турабыз. Ошондой эле 2018-жылдын башында Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн жашоочуларына спорт аянтчасын куруп берип, спортчуларга ар кандай сынактарды өткөрүп, жеңүүчүлөргө акчалай колдоо көрсөттүк», - деп айтылат курулуш компаниянын маалыматында.

Компаниянын жетекчиси Эмилбек Жусупов алдыга койгон максаттары менен бөлүштү.

«Курулуш компанияны өзүм түптөгөм. Азыркы учурда өлкөнүн түштүк аймагында сапаттуу көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатабыз. Жакында эле тургундардын суранычы менен Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйгө барып келдим. Чындыгында ал жердеги жашоочулар кыйынчылыктар менен жашап келет. Анткени союз убагында курулган үй жараксыз абалга келген. Көп кабаттуу үй Ош шаарынын так ортосунда жайгашканы менен такыр шарты жок. Ажаткана сыртта жайгашып, жер титирөөдөн үйдүн дубалдары жарылып кеткен. ӨКМ тарабынан үйдө жашоого мүмкүн эмес деген аныктама чыгарылып, жашоочуларга бир нече жылдан бери түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келе жаткан экен. Азыр 21-кылымда жашап жатабыз. Мындай алгылыктуу иштерди улантуу — менин бирден бир максатым», - дейт Эмилбек Жусупов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1447
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×