Нарында суу түтүктөрү алмаштырылып жатат (сүрөт)
Turmush - Нарын шаарында Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнɵлүк азык-түлүк программасынын алкагында 8 ички кɵчɵдɵ аз камсыз үй-бүлɵ мүчɵлɵрүн жумушка тартуу менен таза суу түтүктɵрү алмаштырылууда. Ал долбоор аркылуу ишке ашууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, долбоордун максаты — шаар калкына таза суу жеткирүү жана аз камсыз үй-бүлɵлɵрдү жумуш орду менен камсыздоо. Нарын шаардык мэриясы жана тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан сунушталган бул долбоор колдоо таап, учурда жумуштар башталды. Долбоорго 263 адам тартылып, аларга Бүткүл дүйнɵлүк азык-түлүк программасы аркылуу 2,5 миллион сом тɵлɵнүп берилмекчи.
«Бул долбоордун алкагында жалпысынан шаардагы Жусуп Баласагын (Батальон), С.Чечейбаева, Боогачы, Ж.Алаев (№15 бала бакча), А.Молдоев (№10 мектептин арты), Ысык-Кɵл кɵчɵлɵрүндɵ жана НМУнун агрардык-техникалык факультетинин айланасындагы жаӊы конуштарда жайгашкан 2770 метр узундуктагы суу түтүктɵрү жаӊысына алмаштырылат», - деп айтылат маалыматта.