Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Талас

Айыл турмушу: Таластык мугалим Ф.Тотонова үйгө тынчтык, жакшылык чакырган гүлдөрдү өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Жоон-Арык айылындагы 46 жаштагы мугалим Фатима Тотонова гүлдүн 20 түрүн өстүрүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, балалык чагы Бакай-Ата районуна караштуу 1-Май айылында өткөн. Учурда Ш.Шеркулов атындагы орто мектепте биология сабагынан мугалим болуп эмгектенет.

«Кичинемден гүлгө кызыккандыктан мугалимдик кесибимден тышкары гүлдүн 20дан ашык түрүн өстүрөм. Жоон-Арык айылына келин болуп келгенден баштап гүл өстүргөнгө кызыгып, анын түрлөрүн издеп, өстүрүп баштагам. Ал кезде гүлдүн ак жана кызыл деген эки эле түрү бар болчу. Ромашка, жоогазын, герань гүлдөрү адамдын ден соолугуна пайда алып келет. Анткени бул гүлдөр зыяндуу затты өзүнө алып, жагымдуу жыт бөлүп чыгарат. Гүлдөрүмдү үйгө келип сатып алып кетишет. Алар өлчөмүнө, кооздугуна жараша 400 сомдон 1500 сомго чейин бааланат. Ар бир майрамга карата гүлдөрдүн көргөзмөсүнө да алып чыгам», - деди ал.

Каарманыбыз өстүргөн ар бир гүлдөрүнүн аталыштарын айтып берди.

«Мырзанын бактысы (мужское счастье) гүлү аты башкача угулганы менен үйгө жакшы жаңылыкты алып келүүчү гүл болуп эсептелет. Гортензия гүлү — үйгө береке алып келүүчү гүл. Алоэнин дарылык касиети бар, ден соолукка пайдалуу. Цикламен — үйгө тынчтык чакырган гүл. Эгерде үйдө уруш-талаш көп болсо, бул гүл жакшы өспөй, гүлдөбөй, куурап калат. Коңгуроо гүл жылмаюу тартуулоочу гүл десем болот. Мындан тышкары гүлдүн дагы бир нече түрүн өстүрөм.

Эгерде ар бир гүлгө жакшы кам көрүлсө, жакшы өсөт. Аларга эртең менен суу куюп, сүйлөшүп, жакшы ой менен өстүрсө, үйгө жакшы жаңылыктарды алып келет. Гүлдөр өзүмдө эле калсын дебей, кошуналарыма да таратып берем. Гүлдөрдү көрүп, жашаргандай болуп калам. Келиндүү болуп, аларга гүл өстүрүүнү үйрөтүп, гүл сатуучу жай ачсак деген тилектерим бар», - деди ал.

Гүл өстүргөн мугалим үй-бүлөдө 2 кыз 1 уул, 2 неберенин апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 495
Көп окулду
×