Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 13.07.2018 09:18 На русском

Кара-Кулжанын Конокбай-Талаа айылында 3 млн сомдук көпүрө пайдаланууга берилди (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 12-июлда Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагына караштуу Конокбай-Талаа айылынын Адике тилкесинде жаңы курулган көпүрөнүн ачылышы болду. Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты, деп билдирди кабарчы.

Бул көпүрөнүн курулушуна Ылай-Талаа, Сары-Булак айыл аймактарынын бюджетинен жана АРИС долбоорунан жалпы 3 млн сомдон ашуун акча каражаты жумшалган. Ошондой эле Конокбай-Талаа айылынын тургуну Асанбеков Төрөбай 100 миң сом салым кошсо, Сары-Булак айыл өкмөтүнүн тургундары 400 миң сомдук жумушту өздөрү аткарышкан.

Аталган көпүрө Адыке жайлоосуна өтүүчү жолдо жайгашкан. Бул жайлоого 2 айыл өкмөттүн эли чыгып, жалпы 5-6 миң адам жайлайт. Андан сырткары жайлоодо эс алуучулардын саны көп болот.

Буга чейин көпүрөнүн жоктугунан жайлоого каттагандарга бир топ кыйынчылыктар жаралып келген эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×